Айрым кыргызстандык банктар акча которуу системалары аркылуу каражат берүүсүн убактылуу токтотууга аргасыз

Айрым кыргызстандык банктар акча которуу системалары аркылуу каражат берүүсүн убактылуу токтотууга аргасыз.

 

Улуттук банктан билдиришкендей, буга айрым физикалык жана юридикалык жактардын спекуляциялык аракеттери себеп.

 

Каражат Кыргызстан банктарынан чечилип, кайра чет мамлекеттерге чыгарылып жатат. Мындай спекуляциялык аракеттер өз кезегинде ички валюта рыногунда накталай доллардын жетишсиздигине алып келип, калктын муктаждыгын жабууга жетпей калууда.