Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого упайы жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы менен аныкталат. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, тесттин жыйынтыгы 4-же 5-июлда белгилүү болот. Эске салсак, сынактын үчүнчү этабы 24-25-июнда Бишкек жана Ош шаарларында өттү. Ага 1 миңден ашык бүтүрүүчү катышты. Кеч тест негизги этапка жүйөлүү себептер менен катыша албай калгандар үчүн уюштурулат.