“Бишкектин көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы боюнча тендер кайрадан өткөрүлөт. Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, декабрдагы сынакка 3 компания катышып, сертификациядан өтпөй калышкан.
Учурда документтер долбоорду каржылай турган кытайлык компанияга жөнөтүлдү. Күтүлгөндөй, тендер мартта жарыяланышы мүмкүн, — деди Уезбаев.