Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Масловага Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды

Спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Масловага Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Аларды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды.

 

Тыныбекова 2019-жылы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону аталып, Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо уткан. Ошондой эле жөө күлүк Дарья Маслова марафон боюнча Олимпиадага жолдомого ээ болгон. Жалпысынан Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ар кыл тармактагы 17 адамга тапшырылды.