Криштиану Роналду футбол тарыхындагы эң көп гол киргизген оюнчулардын ичинен үчүнчү орунда. “Ювентус” — “Фиорентина” жолугушуусунда Роналду 2 гол киргизди. Бул анын карьерасындагы 722-голу болуп катталды.
Мындай көрсөткүч менен форвард 3-орунда турган Герд Мюллерди ашып өттү. Биринчи орунда 767 голу менен Пеле турса, атаандаштардын дарбазасын 734 жолу багындырган Ромарио экинчиде. Ал эми Лионель Месси 705 гол менен 7-орунда турат.