Италиянын «Лацио» футболдук клубунун чабуулчусу Чиро Иммобиле «Алтын бутса» сыйлыгын утту

Италиянын «Лацио» футболдук клубунун чабуулчусу Чиро Иммобиле «Алтын бутса» сыйлыгын утту.

РИА Новости билдиргендей,  Римдик команда өлкө чемпионатынын акыркы турунда «Наполи» менен

кездешип, 3:1 эсебинде жеңилди. Беттештин биринчи бөлүгүндө Иммобиле гол киргизип, быйылкы

сезондо жараткан голдорунун санын 36га жеткирди. Муну менен Чиро Иммобиле Европада

Топ 5-лиганын мыкты бомбардири болуп, «Алтын бутсага» татыды. Роберт Левандовски 34 топ менен

экинчиге жетсе, Криштиану Роналду 31 гол менен үчүнчүдө калды. Эскне салсак, былтыр

Лионель Месси 36 топ киргизип, бул сыйлыкка ээ болгон.