Акжол Сулайманбек уулу WBO International чемпиондук наамы үчүн беттеш өткөрөт

Акжол Сулайманбек уулу WBO International чемпиондук

наамы үчүн беттеш өткөрөт. Мелдешти уюштурган компаниянын расмий

баракчасындагы маалыматта, профессионалдык бокс боюнча турнир

7-мартта Екатеринбургда өтөт. Анда биздин боксчу россиялык Марк Урванов менен

12 раунддук кармаш өткөрөт. Сулайманбек уулу эки жыл мурда Дүйнөлүк бокс

ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болуп, аны төрт ирет коргоп калган.

Ал эми Урванов WBO International чемпиондук курун былтыр ноябрда тагынып,

өз салмагында дүйнөдөгү күчтүү 10 боксчунун катарында.