Бишкектин Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда бала бакчанын темир-бетон каркастарын куруу иштери жана чатырын жабуу аяктап, кирпич коюу иштери жүрүп жатат.
Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метрди, ал эми жердин аянты — 0,5714 гектарды түзөт.
Имаратта кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөрү, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык кабинет, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.