Билим берүү уюмдарында бир адамдан COVID табылса класс жабылат

Билим берүү уюмдарында бир адамдан COVID табылса класс жабылат,

эки же андан ашык учур катталса окуу жай толук турдө 14 күнгө карантинге алынат.

Бул тууралуу мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы

Нурзида Касымова билдирди. Анын айтымында, окуу процесси бардык

санитардык талаптарды сактоо менен жүрүшү керек. Мекемелерди

дезинфекциялоо жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү зарыл.

Билим берүү мекемелеринде концерт, чогулуш, майрамдык иш-чаралардын

өткөрүлүшүнө тыюу салынат. Эпидемиологиялык кырдаал күчөп кетсе

тиешелүү жергиликтүү башкаруу органдары чечим кабыл алышы керек.