«Ак-Ордо» конушундагы жаңы бала бакчанын курулушу уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Садыр-Аке жана
Каркыра көчөлөр кесилишинде жайгашат. Объект эки кабаттуу жана 280 орунга чакталат.
Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Ага каражат шаардык бюджеттен берилди.
Бакчаны кийинки жылы пайдалануга берүү пландалууда.