Чүй облусунун Калинин айылында бала бакча пайдаланууга берилди.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо
мекемеси толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Имарат 40 жылдан бери капиталдык
ремонттон өткөн эмес. Андагы суу түтүктөрү, канализация тармагы, ички,
тышкы жасалгалоосу, эшик-терезелери жана чатыры жаңыланды.
Бул максатта чет элдик уюм тарабынан 10 миллион сом жумшалды.