Кыргызстанда кыска мөөнөттөгү бала бакчалар ачыла баштады

Кыргызстанда кыска мөөнөттөгү бала бакчалар ачыла баштады.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, артыкчылык алыскы,

тоолуу жана чек аралаш аймактарга берилет. Мындай мекемелер алгач

Баткенде пайда болот. Анда балдар 3 саат болот жана аларга окутуу,

тарбия берүү кызматтары көрсөтүлөт. Тамак берүү, уктоо каралбайт.

Ар бир бакчада гигиеналык шарттар түзүлөт, окуу куралдары менен камсыздалат.

Сунушталган имарат толугу менен оңдоодон өтүп, балдар аянтчасы курулат.

Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт. Анын жыйынтыгында

өлкө аймагында 500 кыска мөөнөттүү бакча ачылат.