Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында катуу жааган жаан сел жүрүүгө алып келди

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында катуу жааган жаан сел жүрүүгө алып келди. Ылай аралаш масса 10 гектар айдоо талааларын жабыркатты. Андан тышкары, беде эгилген 15 гектар жер суу алдында калды.

 

Ошондой эле, сел Нарын – Баетов – Макмал унаа жолунун бир бөлүгүн жууп кетти. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери селдин кесепетин жоюуп жатат.