Быйыл Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлга туура келет

Быйыл Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлга туура келет. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Андан такташкандай, так дата бир жума калганда айтылат.

 

Айт намазын аянттарда жалпылап окууга чектөө коюлар-коюлбасы дагы ошондо чечилет. Орозо айт быйыл 13-майда белгиленген. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаз аянттарда эмес, мечиттерде гана окулган. Курман айт адатта орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет.