АКШ коронавирус менен күрөшүү үчүн жакыр өлкөлөргө 4 миллиард доллар бөлөт

АКШ жакыр өлкөлөрдүн коронавирус инфекциясына каршы вакцина алуусун камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 4 миллиард доллар бөлөт. Мындай чечимди президент Жо Байдендин администрациясы кабыл алганын чет элдик басылмалар билдиришти.

 

Ага ылайык, Жо Байден бул кадамы аркылуу башка бай мамлекеттерди да дүйнөдө коронавируска каршы күрөшүүгө өз салымдарын кошууга шыктандырат.

«АКШ эл аралык COVAX программасына токтоосуз түрдө эки миллиард доллар которот. Дагы эки миллиард доллар эки жыл аралыгында бөлүнөт. COVAX — ар кайсы өлкөлөрдөгү калктын аярлуу катмарына вакциналарды сатып алуу жана таратуу боюнча глобалдык долбоор. Программа кедей өлкөлөрдүн бай мамлекеттерден кем калбай, элди эмдөөнү уюштурушуна жардам берүүгө багытталган», — деп жазылат маалыматта.