Россиядага мигранттарга кайрадан жеңилдик берилди.
Президент жарлыгына ылайык, эми чет элдик жарандар Россияда
2021-жылдын 15-июнуна чейин документтерин узартпай эле жүрсө болот.
Буга визага байланыштуу, жашаган жеринде катталуу боюнча, убактылуу жана
туруктуу жашаган жери тууралуу документтер кирет. Мындай жеңилдик
чаралары коронавирус пандемиясына байланыштуу.