АКШ Кыргызстан жарандарына иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын

жарандарына иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди.

Бул тууралуу New York Times басылмасы жазды. Жума күнү жарыяланган тизмеге

Кыргызстандан тышкары Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания

мамлекеттери кирди. Басылма жазгандай, аталган мамлекеттердин жарандарынын

АКШга кирип-чыгуусуна чектөө киргизилбейт. Болгону иммиграцияга жол жабылат.

Трамп бул маалыматты ырастап, мындай чара террорчулукка

каршы күрөшүү үчүн жасалып жатканын билдирди.