Россиядагы кыргызстандыктар өлкөгө кайтуу үчүн билеттерди түз эле авиакомпаниялардан ала алышат

Россиядагы кыргызстандыктар өлкөгө кайтуу үчүн билеттерди түз эле авиакомпаниялардан ала алышат.

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев novosti.kgге билдирди.

Анын айтымында, кеп, чартердик учактарга сатыла турчу билеттер тууралуу болуп жатат.

Буга чейин мекендештер сатып алууларды түз жүргүзө алышпай бир катар мекемелерге кайрылып

убара тартышчу. Белгиленген 5 авиакомпаниянын учактары Бишкек, Ош шаарларына

Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург шаарларынан келишет.

Акышев белгилегендей, сентябрдын аягында Россия биздин өлкөгө туруктуу каттамдарды

уюштурууга уруксат бериши күтүлүүдө. Бул максатта сүйлөшүүлөр уланып жатат.