Быйыл Кыргызстанда 60 миңден ашык «Акылдуу эсептегич» орнотулат

Быйыл Кыргызстанда 60 миңден ашык «Акылдуу эсептегич» орнотулат.

Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын директору Искендер Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, муну менен бирге өзүн-өзү кармап туруучу 750 чакырым

линиялар тартылат. Ошондой эле 15 миң жыгач мамылар которулат.

Учурда 200 миң керектөөчү аталган системага кошулду.

Белгилеп кетсек, жабдуулар менен камсыздоо боюнча тендерге

Россия жана Молдавиянын компаниялары катышып жатат.