АКШ менен Европада коронавирус жугузгандар көбөйүүдө

АКШнын бардык штаттарында коронавирус жугузгандар көбөйүүдө. Саламаттык сактоо эксперттери мунун себебин так айта албаганы менен кайсы бир деңгээлде элдин эрежелерди анча сактабай калганы, окуучулардын, студенттердин мектеп, коллеждерге кайтышы менен байланыштырууда.

 

Пандемия башталгандан бери Кошмо Штаттарда өпкөнү сезгенткен вирустан 217 миңден көп киши каза болду. Европада да эпидемиянын экинчи толкуну каптаганы вирусту жугузуп алгандар кескин көбөйдү.

 

Германияда, Италияда жана Польшада бейшембиде ооруп калгандардын саны жаз айларындагы көрсөткүчтөргө жетти. Францияда ооруканага түшкөндөр көбөйгөндүктөн Париж баш болгон бир катар шаарларга 17-октябрдан 1-декабрга чейин коменданттык саат киргизилүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европадагы эпидемиологиялык абалга тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун өкүлү Ханс Клуге жаңы чектөөчү чаралар абдан туура кабыл алынып жатканын, аларды сактоо зарыл экенин айтты.

 

Германияда бейшембиде 7 334 кишиден коронавирус табылды. Чехияда пандемияга каршы катаал чаралар көрүлгөнү менен вирус жуккандар көбөйүп жатат. 15-октябрда эле дагы 9 721 адамдан аныкталды.