Жалал-Абад шаарында той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү

Жалал-Абад шаарында той-аштарга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул багытта түнкү рейд өтүп, калаадагы 17 кафе-ресторандарга кыдыруу жүрдү.

 

«Алардын ичинен беш жайда сырткы жарыктандырууларын өчүрүп, жашыруун той өткөрүп жаткандары маалым болду. Ага шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Нуртилек Орозбаев, тийиштүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып, массалык эл чогултуулардын кесепетинен оору кайрадан күч алып жаткандыгы айтылды.

 

Төрт жайга шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан айып пул салынып, бир тойканага эскертүү берилгенине карабай той өткөрүп жаткан. Аларга укук коргоо органдары тарабынан акт түзүлүп, айып пулга жыгылды«, — деп айтылат маалыматта.