Жээнбековго экс-президент деген расмий макам ыйгарылды

Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген расмий макам берилди жана анда бул макамга ылайык бардык ченемдер сакталат. Бул тууралуу 16-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

 

Мекеменин маалыматына караганда, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндөгү жарлыкка кол койду:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзамда каралган бардык ченемдер сакталат.

 

Жээнбеков алты жылдык президенттик кызматка туура үч жыл мурда келген. Быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктардан соң түзүлгөн саясий кризистен улам 16-октябрда отставкага кетти.