АКШ онлайн окуган чет өлкөлүк студенттерге быйыл виза бербейт

АКШ онлайн окуган чет өлкөлүк студенттерге быйыл виза бербейт жана узартпайт.

Бул эреже академиялык жана кесиптик билим алгандарга тиешелүү. Учурда Америкада

коллеж жана университеттердин көбү күзгү окуу пландарын жарыялай элек. Ал эми

Гарвард университети жаңы окуу жылында сабактар онлайн гана форматында өтөрүн жарыялады.

Кошумчаласак, АКШда бир миллиондон ашык чет өлкөлүк студент билим алат.

Алар төлөгөн контракт Америка ЖОЖдорунун кирешесинин басымдуу бөлүгүн түзөт.