Токмоктогу спорттук мектеп бүгүнтөн тартып күндүзгү стационар катары иштеп баштайт.
Билим берүү мекемесинде 50 орундук даярдалып, 10 кычкылтек концентратору орнотулду.
Бейтаптарды эки дарыгер, үч медайым жана санитарлар көзөмөлдөйт. Жарандар үй-бүлөлүк
дарыгердин көрсөтмөсү боюнча кабыл алынат. Жакын арада жергиликтүү бюджет
дагы 20 кычкылтек концентраторун сатып алууну пландап жатат.