Америка футболунун бет капсыз насаатчысы 100 миң доллар айыпка жыгылды. РИА Новостинин маалыматына ылайык, “Сиэтл Сихокс” командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрролл “Нью-Ингленд Пэтриотс” клубун кабыл алган оюнда бет кап тагынган эмес.
Беттеш жекшемби күнү Сиэтл шаарында өтүп, талаа ээлери 35:30 эсебинде утуп алышкан. Башкы машыктыруучусунун бет кабы жок болгону үчүн “Сихокс” клубу да айыпка жыгылып, 250 миң доллар төлөмөй болду.