Ордо калаанын Чүй проспектисинде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта анын Төрөкул Айтматов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштери аткарылат.
Жумуштар эки жумага созулат. Тыгындарды алдын алуу үчүн айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.