АКШ тургуну лотереядан джекпот утуп, жеңишине ишенбей койгон

АКШ тургуну лотереядан джекпот утуп, жеңишине ишенбей койгон. Оюндан кийин 1 миллион долларды утуп алганы тууралуу билдирүү келген. Бирок аял муну шылуундар жөнөтүп жатат деп ойлогон.

 

Почтасына лотерея уюштуруучуларынан расмий кат келгенде гана аял бактысына ишенди. Эми ал жаңы үй сатып алып, карыздарынан кутулуп, саякаттоону пландап жатат.