Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде бир нече жолу жер титиреди

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде очогунда күчү 3төн 4 баллга чейин жеткен үч жер титирөө катталды.

 

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, 4-апрелде саат 09:52де Кытайдын аймагында күчү 4 балл, андан кийин 21:26да — 3,5 балл жана 5-апрелде кыргыз-кытай чек арасында 00:52де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

 

Кыргызстандын калкттуу пункттарында жер титирөө сезилген эмес.