АКШнын Сан-Диего шаарындагы зоопаркта эки горилла коронавируска чалдыкты.
Алгач алар чүчкүрө башташкан. Андан кийин алардан анализ алынып,
COVID-19 бар экени аныкталды. Зоопарктын жетекчилигинин айтымында,
жаныбарлар ооруну жеңил көтөрүшүүдө. Алар сууну көп ичип, тамактан
баш тартышкан жок. Алдын-ала маалыматтарга караганда вирус жаныбарларга
зоопарктын жумушчуларынын биринен жуккан болушу мүмкүн. Эгер маалымат ырасталса,
бул коронавирус адамдан маймылга жуккан биринчи учур болуп калат