Грек-рим күрөшү боюнча балбандар лицензиялык мелдештерге даярдык көрө баштады.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
машыгуу иштери Чолпон-Ата шаарында 30-январга чейин уланат. Анда Азия
чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге даярдануулар жүрөт.
Окуу-машыгуу иштери Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды