Аксы районунда сел жүрдү

15-16-апрель күндөрү жааган жаандан улам Аксы районундагы алты-жети айылды суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, суу айылдардагы жолдорду жана үйлөрдү каптаган.

Ошондой эле, нөшөрлөп жааган жаандан кесепетинен Жалал-Абад шаарын да суу каптап жатат. Ички арыктарга суу толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптаган.

 

Министрликтин Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын кызматкерлери сууну сордуруп, коопсуз жайга чыгарып жатканы маалымдалды.