Бишкектеги Ататүрк паркындагы курулуштар сүрдүрүлөт

Бишкектеги Ататүрк паркындагы курулуштар сүрдүрүлөт. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, аталган сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар. Учурда паркта салынып, эл жашап жаткан үй ээлерине билдирүүлөр берилүүдө. Алар үйлөрдү муниципалитеттин менчигине өз каалоосу менен өткөрүп бериши керек болот.

 

Ошондой эле жер тилкелерин берүүдө кол коюп, уруксат берген ошол кездеги жетекчилердин да жоопкерчилиги каралат. Бул боюнча прокуратура органдарына кайрылуу болуп жатканы маалымалды.