Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иштери 90 пайызга аяктап калды

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иштери 90 пайызга аяктап калды.

Novosti.kgге шаар мэри Эрнисбек Ормоков билдиргендей, учурда шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, мэриянын коммуналдык мекемелери, сел каптаган көчөлөрдү, социалдык объектилерди жана турак жайларды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 28-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад шаарында 18 объектини сел суулары каптаган.

Анын ичинен 8и социалдык мекемелер, ал эми 10у көп кабаттуу жана жер үйлөр.