Акыркы 3 жылда Кыргызстанга чет өлкөлөрдө уурдалган 30дан ашык унаа алып келинген

Акыркы 3 жылда Кыргызстанга чет өлкөлөрдө уурдалган 30дан ашык унаа алып келинген.

Бул тууралуу ички иштер министри Мирлан Каниметов билдирет. Анын айтымында,

унаалар жасалма документтер менен Белорустан жана Россиядан ташылган.

Кылмыш иши козголгон. Жоопкерчиликке 17 адам тартылды, анын арасында милициянын,

Бажы кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын мүчөлөрү бар.

Иштер Биринчи май райондук сотуна жиберилди