Мурдагы саламаттыкты сактоо министри өлкөгө 65 миллион сом зыян келтирген деп шектелүүдө.
Тиешелүү тактоону башкы прокуратура жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык,
экс-чиновник кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, кеп-кеңеш берүүчү кызматты
көрсөтүү үчүн пайдасы жок келишим түзгөн. Белгилеп кетсек, буга чейин
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы
Космосбек Чолпонбаев өлкөгө 9 миллион сом зыян алып келгенин тактаган.