Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыкты.
Ал сыртка чыкпоо талабы менен чыгарылганын бүгүн, 31-мартта Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим 26-мартта кабыл алынган. Чолпонбаев кызмат абалынан кыянаттык менен
пайдаланган деген айып менен 2020-жылы 15-сентябрда кармалган болчу.
Ноябрда абактан ооруканага жеткирилип, жүрөгүнө операция жасалган.