Жаңы президенттин инаугурациясына 1 миңден ашык конок катышат.
Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, иш-чарага катардагы жарандар,
коомдук ишмерлер, маданият жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү чакырылды.
Аппараттан белгилешкендей, бардык коноктор ПЦР-анализ тапшырышты. Эске салсак,
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт.
Иш-чара 10.45те башталат жана ал Ала-Тоо аянтында чоң экрандан түз алып көрсөтүлөт.