“Акыркы көч” тасмасы эл аралык фестивалда 5 номинаттын катарына кирди.
Тасманын режиссерлору Бакыт Мукул жана Дастана Жапар уулу.
Кинематография департаментинен билдиришкендей, сынакта биздин өлкөдөн
тышкары Япония, Вьетнам, Кытай жана Индия ат салышат. Конкус 24-27-июнь
аралыгында Гонконгдо өтөт. Аталган эл аралык фестивалга дүйнөдөгү жаңы
режиссерлордун жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери тартууланат.