Бишкектеги Койбагаров көчөсүнүн курулуш иштери 30-июнга чейин аяктайт.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган тилкеге
асфальт төшөлдү. Жолчулар учурда Каралаевден Карл Марк көчөсүнө чейин
тротуар түшүрүү менен алек. Андан кийин асфальттын экинчи катмары төшөлөт.
Оңдоп-түзөө иштери толук ушул айдын аягында жыйынтыкталат.