Ала-Бука – Чаткал жолунун курулушу быйыл башталат

Ала-Бука – Чаткал жолунун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин райондун тургундары менен жолугушуусунда айтылды.

 

Маалыматка ылайык, бул жылы аталган трассанын 173 чакырымынын 50 чакырымын бүткөрүү пландалууда.

 

Учурда долбоорлоо жумуштары аяктап, каражат бөлүнгөн. Иштер күн жылыса эле эки тараптуу башталат, — деп айтылат маалыматта.