Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 11-апрелден 13-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп муз тоңушу күтүлөт. Айрыкча, Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуусу кооптуу болот.
Мындан улам унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.