Баткенде унду үймө-үй жеткирүү уюштурулду

Баткенде унду үймө-үй жеткирүү уюштурулду. Шаар мэри Мамыржан Рахимовдун чечимине ылайык аймактык комитеттер унга муктаж тургундардын тизмесин телефон аркылуу түзүп, анын негизинде ишкерлер унду Антимонополиялык көзөмөл агенттиги бекиткен баага ылайык ар бир үйгө дареги боюнча жеткирүүдө.

 

Кыргызстанда 21-марттан баштап жалпы өзгөчө кырдаал, 25-марттан баштап айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Баткен шаары өзгөчө абал киргизилген аймакка кирбейт.