Ошто Ак-Буура дарыясында жөө жүрүүчүлөр үчүн көпүрөлөр курула баштады

Ошто Ак-Буура дарыясында жөө жүрүүчүлөр үчүн көпүрөлөр курула баштады. Түштүк ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, биринчи өтмөк Юго-Восток кичи районунда пайда болот.

 

Анын жалпы узундугу 75 метрди түзөт. Жалпысынан, дарыяда 10 көпүрө курулат деп пландалууда.