«Алай» футбол клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогун жеңип алды

«Алай» футбол клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогун жеңип алды.

Финалдык беттеш Кант шаарында өттү. Жыйынтыктоочу оюнда Ош шаарынын командасы

«Абдыш-Ата» курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Биринчи бөлүктүн 36-мүнөтүндө

алайлыктардын чабуулчусу Соломон Инкум стандарттык абалдан чыгарылып берилген топту башы менен

киргизип, финалдык беттештин тагдырын чечти. Муну менен «Алай» клубу Кыргызстандын кубогун акыркы

10 жылдын ичинде экинчи ирет утуп, Азия футбол конфедерациясы

кубогунун квалификациялык стадиясына жолдомо алды.