Криштиану Роналду футбол тарыхындагы эң мыкты бомбардир аталды

“Ювентустун” чабуулчусу Криштиану Роналду футбол тарыхындагы эң мыкты бомбардир аталды. Футбол тарыхы жана статистикасы эл аралык федерациясынын маалыматына ылайык, расмий беттештерде мыкты аткарылган голдор гана эсепке алынды.

 

Португалиялык оюнчу командасы үчүн “Веронанын” дарбазасына беттеш учурунда бир гана гол киргизди. Бул анын карьерасындагы 766-топ болду.

 

Муну менен Роналду 765 гол киргизген Пелени да артта калтырды.