Алай районунда Эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы ирет светофорлор иштеп баштады

Алай районунда Эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы ирет светофорлор иштеп баштады. Жол чырактар райондук борбордо, Гүлчө айылында Курманжан датка, Муса Адышов жана Алымбек датка көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болду. Каражатты жергиликтүү тургундар чогултту.

 

Күтүлгөндөй, жыл аягына чейин светофорлор дагы 2 тилкеде орнотулат.

 

Белгилеп кетсек, Гүлчөдө светофорлор Советтер союзу маалында гана иштеген, андан кийин бузулуп, ошол бойдон оңдолгон эмес.