Өлкөдөгү калктын аярлуу катмарына жардам берүүгө 122 миллион сом бөлүнөт.
Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Маалыматка караганда,
ар бир үй-бүлөгө 800 сомдук азык-түлүк топтому таркатылат.
Учурда бийлик өкүлдөрү муктаж жарандарга азыктарды жеткирүү жолдорун
караштырып жатат. Өкмөттөн белгилешкендей, аз камсыздалган
үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүлөр уланат.