Сентябрда салыктар пландан ашык чогулду

Сентябрда салыктар пландан ашык чогулду. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, күздүн алгачкы айында 7 миллиард 640 миллион сом чогулду. Бул белгигенген планга салыштырмалуу, 1 миллиард сомго көп.

 

Муну менен план  117 пайызга аткарылган болот. Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, салык чогултуу 609,5 миллион сомго көп болду. Ал эми жалпысынан, жыл башынан бери 55,5 миллиард сом салык түштү.