Баткен облусунда дарыгерлер үймө-үй кыдырып, тургундарга жардам берүүдө

Баткен облусунда дарыгерлер үймө-үй кыдырып, тургундарга жардам берүүдө. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мобилдүү топтор элдин саламаттыгын текшерип, медициналык кеңеш берип, жардам көрсөтүшөт.

 

Зарыл болсо, жарандар ооруканага дарыланууга жиберилет. Бул вирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында жасалууда. Белгилеп кетсек, Чүйдө дагы үймө-үй кыдыруу уюштурулган.