Алай районунун Дейрес айылында абал туруктуу

Алай районунун Дейрес айылында абал туруктуу. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тилке делимитация процедурасын өттү.

 

Андыктан, инженердик иштерди аткаруу биздин өлкөнүн аймагына залакасын тийгизбейт. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жергиликтүү калк менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

 

Эске салсак, Дейрес айылынын тургундары Камчыбек Ташиевди чек ара маселесине көңүл бөлүүнү суранышкан. Алардын айтымында, акыркы мезгилдерде талаш жараткан чектеш тилкелер коңшу мамлекеттин пайдасына чечилүүдө.